Марал Радиосу

Кариб деңизинде 32 мигрант болгон кеме жоголуп кетти

Бортунда 32 мигрант бар кеме Кариб деңизинде жоголуп кетти. Бул тууралуу Венесуэла Улуттук ассамблеясынын расмий сайты жазды.

Маалыматка ылайык, кеме 7-июнда Венесуэладан Курасао аралын көздөй чыккан. Анда 32 жаран болгон. Мигранттар ошол бойдон дайынсыз жоголушкан. Аларды куткаруу тобу да түзүлбөгөн. Бийлик тарабынан да эч кандай билдирүү жасалган эмес.

Боливария өлкөсүнүн Улуттук ассамблеясынын депутаты Луис Стефанелли мамлекеттик органдардын аракетсиздигин сындаган. Анын ою боюнча, бул жарандар Венесуладан жакшы жашоо издеп качып чыгышкан.