Марал Радиосу

Жолдубаева: Алмазбек Атамбаевди камакка алууга эл жол бербейт

Азыркы күндө башкалар жашынып жатканда, бийликке ачык каршы чыга алган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камалуусуна эл жол бербейт. Мындай пикирин КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Ал ошондой эле, парламентте татыктуу депутаттар бар экенин айтып, бирок маселени жалпылап карай турган болсок, азыркы депутаттардын «сүйлөбөй тынч отурганы» жакшыраак деп сындаган.

Эске салсак, бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин депутаттардын дарегине «чимкириктер» деп сындаганына жана анын аракеттерине мыйзам чегинде баа бериш керектигин айтышты.