Марал Радиосу

Баттулга өкмөт башчы менен «Ата-Бейитке» барды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө расмий сапары менен келген Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Монголиянын президенти Абылгазиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялар учурунда курман болгондорду эскерип гүлчамбар койду.

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен да жолугушту. Баттулга учурда расмий иш сапары менен Кыргызстанда жүрөт.