Марал Радиосу

Дугэр Рэгдэл: Биз монгол-кыргыз көп окшоштуктары бар элбиз

Кыргызстан менен Монголия бир эл. Көп окшоштуктар бар. Мындай билдирүүнү Монголия Илимдер академиясынын президенти Дугэр Рэгдэл бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өлкө башчыларынын жолугушуусунда билдирди.

«Кыргыздар менен биз бир элбиз. Тарыхыбыз, маданиятыбыз, салттарыбыз окшош. Андыктан, бири-биризге жардам көрсөтүп, кызматташууну өнүктүрүүбүз зарыл. Бул биз үчүн кыйынчылык жаратпайт деп ойлойм. Илимий, археологиялык жана тарыхый изилдөөлөрдү, кызматташууну өнүктүрүүнүн эки өлкө үчүн да мааниси чоң», — деди ал.

Ушу тапта Кыргызстан — Монголия өлкөлөрүнүн президенттеринин кеңири форматтагы эки тараптуу расмий жолугушуусу өтүп жатат.