Марал Радиосу

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Бүгүн, 12-июнда саат 07:31де Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан маалымдашты. 

Жер титирөөнүн күчү Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.