Марал Радиосу

Путин ШКУнун саммитинде террор маселесине басым жасайт

Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде Сириядагы абалды жөнгө салуу, ШКУнун Ооганстан менен байланыш түзүүсү, Ирандагы ядердик программа боюнча биргелешкен комплекстүү иш-чаралардын планы жана террорго каршы күрөшүү сыяктуу көйгөйлөргө токтолот. Бул тууралуу Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости маалымдады.

 «Президент Бириккен Улуттар Уюмундагы ролуна жараша, дүйнөдө тынчтыкты орнотуу боюнча ШКУнун глобалдык салымын арттыруу зарылдыгына басым жасайт. ШКУнун БУУ сыяктуу эл аралык түзүмдөр менен болгон алакасын өнүктүрүп, эң башкысы терроризм жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү керектигин айтат», — деп билдирет Ушаков.

Маалыматка ылайык, Путин бул маселелерди тар чөйрөдөгү жыйында айтат. Ошондой эле, кеңири курамдагы жолугушууда 2019-2020-жылдары ШКУга Орусия төрагалык кыларын билдирерин кошумчалаган.

Эске салсак, 13-14-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттерден жана байкоочу өлкөлөрдөн 11 президент келет.