Марал Радиосу

Судьяларды тандоо кеңешине Тилек Абдрашитовдун талапкерлиги жактырылды

Парламенттин тармактык комитети Судьяларды тандоо кеӊешине сунушталган Тилек Абдрашитовдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитети Судьяларды тандоо кеӊешине сунушталган Тилек Абдрашитовдун талапкерлигин жактырып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.