Марал Радиосу

Бактыбек Шамкеев «Айыл банкка» төрага болду

Бактыбек Шамкеев «Айыл Банктын» төрагалык кызматына барды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат 19-апрелден бери бош турган. Буга чейинки жетекчи Мурат Акимовдун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кеткен болчу.

Эске сала кетсек, 10-июнда Бактыбек Шамкеев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрагалыгынан кеткени кабарланган болчу.