Марал Радиосу

Бактыбек Шамкеев кызматтан кетти

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси алмашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ кечинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңешинин отуруму болду. Анда мекеменин учурдагы жетекчиси Бактыбек Шамкеев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда кызматынан кеткени кабарланды.

Анын ордуна МИКтин директорлор кеңешинин тандоосу менен Эльмира Абжапарова жетекчиликке шайланды.

Өкмөт буга чейин Бактыбек Шамкеевдин ишин сынга алып, ал жетектеп турган мезгилде Мамлекеттик ипотекалык компания алгылыктуу натыйжага жетишпей калганын айткан.