Марал Радиосу

Кыргызстанда Ажы сапарына аттангандарды эмдөө башталды

Кыргызстанда быйылкы Ажылык сапарга баруучуларды алдын ала эмдөөдөн өткөрүү башталды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен өнөктүк 10-июндан 20-июнга чейин уланат.

Быйыл Бишкек шаарынан катталып, документтери талапка толугу менен жооп берген 542 жаран эмдөөдөн өтөт. Шаардыктар № 10-шаардык бейтапканада (Бөкөнбаев көчөсү №61, Шопоков көчөсү менен кесилишет) эмдөөдөн өтүшмөкчү.

Бишкек шаардык казыятынын ажылык бөлүмү бардык жарандарды өз убагында эмдөөдөн өтүүгө чакырат.