Марал Радиосу

Ысык-Көл: Ак-Суу районунда 19 адам ууланып, ооруканага түштү

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 19 адам тамакка ууланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алынган маалыматтарга караганда, жергиликтүү тургундардын биринин үйүнө чакан майрамга чогулган коноктор эт жеп бүткөндөн кийин өздөрүн жаман сезип башташкан. Алардын 12си ооруканага жеткирилип, бирөө жандандыруу бөлүмүндө, 11 киши жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган. Калган 7 кишиге амбулатордук жардам көрсөтүлүп, ала турчу дары-дармектерин жазып беришкен.

Учурда райондун Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору изилдөө иштерин жүргүзүп, тамактардын анализин алууда.