Марал Радиосу

ШКУ саммитинде миңге жакын кызматкер тартипти көзөмөлдөйт

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 1000ге жакын кызматкер тартылат. Ошондой эле, туура эмес жайларга токтотулган жана кароосуз калган автоунааларды жүктөп кетүү үчүн 12 эвакуатор иштейт.

Эске салсак, 13-14-июнда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити өтөт.