Марал Радиосу

ЖОЖдорго тапшыруу үчүн босого упайлар аныкталды

Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн босого упайлардын канча болушу керектиги аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-2020-окуу жылына билим берүүнүн бардык түрү боюнча, ЖРТнын негизги упайы 110, ал эми предметтик тесттер 60 упайдан жогору болушу зарыл.

Жогорку окуу жайларга талон салуу 2 тур менен өтүп, биринчи тур 8-10-июлда болот. Жыйынтыгы 11-июль саат 10до илинет.

11-13-июнга чейин абитуренттердин талон таштаган окуу жайына окуп-окубай турганы ырасталат.

Талондорду тапшыруунун 2-туру 15-20-июнь аралыгында өтөт.

Ал эми үчүнчү тур Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен өткөрүлөт.