Марал Радиосу

Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди телефон аркылуу куттуктады

Бүгүн, 10-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди телефон аркылуу шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Казакстандын эли үчүн бул маанилүү жана жооптуу тандоо болгонун белгиледи. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков жаңы шайланган президенттин ишмердиги Казакстандын мындан аркы туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Кыргыз-казак кызматташтыгын кеңейтүү максатында Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Мамлекет башчылары ошондой эле, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, Бишкекте өтө турчу ШКУ Саммитинин ишине катышуунун алкагында жолугушуу тууралуу сүйлөшүштү.

Exit mobile version