Марал Радиосу

Бишкекте ШКУнун жаштар кеңеши жыйын өткөрөт

Бишкекте 13-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) жаштар кеңешинин отуруму өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Отурумда ШКУнун жаштар кеңешине Пакистандын кошулуусу тууралуу маселе талкууга алынат.

Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында өз ара кызматташуу маселелери, кеңешти мындан ары өнүктүрүүдө алдыдагы приоритеттерди аныктоо жана 2019-2020-жылдарга пландар талкууланмакчы.

Форумга ШКУнун жаштар кеңешинин Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан, Кыргызстан, Монголия жана Азербайжан өлкөлөрүндөгү өкүлдөрү катышат.