Марал Радиосу

Исландиялыктар түрк футболчулары менен мушташты

Түркиянын Футбол боюнча улуттук курама командасы Исландиянын «Кефлавик» аэропортунун кызматкерлери менен мушташты. Бул тууралуу түрк басылмалары кабарлады.

2020-жылы өтө турган Европанын Футбол боюнча чемпионатынын тандап алуу туруна катышуу үчүн келген Түркиянын улуттук курама командасын аэропорт кызматкерлери 2 сааттан ашык текшерүүгө алган. Буга нааразычылыгын билдирген түрк футболчусу Эмре Белөзоглуну күзөт кызматкери чаап ийген. Мындан улам, эки тараптын ортосунда мушташ чыккан.

Эске салсак, учурда 2020-жылы өтө турчу Европанын футбол боюнча чемпионатына тандап алуу оюндары өтүп жатат. «H» тайпасына кирген Түркиянын улуттук курамасы бүгүн Исландиянын улуттук курамасы менен беттешет.