Марал Радиосу

Касым-Жомарт Токаев 70,76 % добуш менен шайлоодо жеңди

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды.

Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев 70,76 % шайлоочунун добушуна ээ болуп, жеңүүчү деп таанылган.

Ал эми андан кийинки орундарды алган «Улут тагдыры» бириккен улуттук-патриоттук кыймылынан талапкер болгон Амиржан Косанов 16,2 % добушка ээ болсо, «Ак жол» партиясынан талапкер болгон Дания Еспаевага 5,2% добуш берилген.

Эске салсак, кечээ 9 июнда  Казакстанда президенттик шайлоо өткөн. Шайлоодо добуш берүүгө шайлоочулардын 77,4 %ы катышкан.