17-май күнү Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна түшүп кеткен 6 жаштагы кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ Нарын дарыясынын Ак-Талаа районундагы бөлүгүндө издөө иштери жүрдү. Ага ӨКМдин № 47 куткаруу тобу тартылды.
Издөө иштери бүгүн да улантылууда.