Марал Радиосу

Бүгүн Мырзабек Тойбаев, Нуртай Борбиев акыркы сапарга узатылат

Бүгүн маданияттын эки залкары: Кыргыз Эл жазуучусу, акын жана драматург Мырзабек Тойбаевди, ошондой эле, Кыргыз Эл артисти, режиссер, актер, оператор Нуртай Борбиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирди.

Залкар драматург, акын Мырзабек Тойбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10:00до Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, ал эми даңазалуу актер, оператор Нуртай Борбиевди акыркы сапарга узатуу өз үйүндө Бишкек шаарынын Волков көчөсү, 42 дарегинде өтөт.