Марал Радиосу

Атамбаев: УКМК өлкөнү бөлүп-жарууда Жээнбековго жардам берип жатат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аттуу митингде УКМК улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан органга айланганын билдирди.

Атамбаев мындан улам, атайын кызматка тез арада реформа жасалып, АКС УКМКдан чыгарылышы керектигин айтат.

«УКМК өлкөнү бөлүп-жарууда президент Сооронбай Жээнбековго жардам берип жатат. Мындай уланса, аягы Бакиевдерден да жаман болот», — дейт Атамбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аттуу митинги болуп, соңунда резолюция кабыл алынды.