Эртең, 9-июнда Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Президенттикке 7 талапкер ат салышууда.
Катталган 9 талапкердин бири Талгат Ергалиев өз каалоосу менен баш тартып, бири Жуматай Алиев эне тил сынагынан өтпөй калганына байланыштуу талапкерликтен четтетилген.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү 7 талапкерге күбөлүк берген:
Сади-Бек-Түгөл
Амангелди Таспихов
Дания Еспаева
Касым-Жомарт Токаев
Төлеутай Ракымбетов
Жамбыл Ахметбеков
Амиржан Косанов