Марал Радиосу

Эртең Казакстанда президенттик шайлоо өтөт

Эртең, 9-июнда Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Президенттикке 7 талапкер ат салышууда.

Катталган 9 талапкердин бири Талгат Ергалиев өз каалоосу менен баш тартып, бири Жуматай Алиев эне тил сынагынан өтпөй калганына байланыштуу талапкерликтен четтетилген.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү 7 талапкерге күбөлүк берген:

Сади-Бек-Түгөл

Амангелди Таспихов

Дания Еспаева

Касым-Жомарт Токаев

Төлеутай Ракымбетов

Жамбыл Ахметбеков

Амиржан Косанов