Марал Радиосу

Асылбек Сатывалдиев Сокулук районунун акими болуп дайындалды

Асылбек Сатывалдиев Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сокулук районунун жаңы акимин райондук администрациянын жамаатына Өкмөттүк Аппараттын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жетиген Бакиров тааныштырды.