Марал Радиосу

«Балага сүйүнчү» жөлөк пулун 2 күндө берүү мерчемделүүдө

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун 2 күндө ала тургандай шар түзүүнү каалайт. Бул тууралуу министрликтин үй-бүлө, балдарга колдоо көрсөтүү жана мамлекеттик төлөмдөр боюнча башкармалыгынын жетекчиси Самаган Асанов билдирди.

Анын айтымында, учурда жөлөк пулду алуу убактысы 6 айды түзөт. 6 ай өтө узак аралык болгондуктан, аны 2 күндө ала тургандай кылуу керек.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаеванын маалыматына караганда, бир жолу берилүүчү жөлөк пулду алуу жолдорун жеңилдетүү чаралары каралып жатат.

«Балага сүйүнчү» жөлөк пулун алуу мөөнөтү башында 1 жылды түзсө, кийинчерээк 6 айга чейин кыскартылган болчу.