Марал Радиосу

Алматы-Ош жаңы авиакаттамы ачылды

Алматы-Ош авиакаттамы ишке кирди. Каттамдын алгачкы учагы бүгүн «Ош» эл аралык аэропортуна конуп, салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Алматыдан чыккан алгачкы каттамда «QAZAQ Air» авиакомпаниясынын Bombardier Q400 NextGen учагында 64 жүргүнчү келди.

Алматы-Ош каттамына майрамдык маанайда каттоо жүрдү. Буга чейин авиакомпания тарабынан аталган каттам боюнча кыргыз жана казак улуттук кийими менен келген жүргүнчүлөр акысыз жеткирилери убада кылынган. Мындан улам 4 жүргүнчү бул шартты аткарып, Алматыга акысыз учуп кетишти.

«Манас» эл аралык аэропортунун Ош облусундагы филиалынын директору Талантбек Ысаков бул каттамды ачуу үчүн узак убакытка созулган сүйлөшүүлөр, аракеттер болгонун белгиледи.

«Бул иш көптөн бери мерчемделип келди. Эки тараптын биргелешкен аракеттери жана натыйжалуу сүйлөшүүлөрүнөн соң, каттамды быйылкы жылдын жай айында ишке киргизүү чечими кабыл алынды. Баса белгилеп айтып коюу керек, мындай каттам эки мамлекет эгемендүүлүк алгандан бери бир да жолу болгон эмес», — деди Талантбек Ысаков.

Каттамдар аптасына эки ирет — жума жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.