Марал Радиосу

АКШ табыгый кырсыктардан жабыркагандарга 19 млрд доллар бөлдү

АКШнын президенти Дональд Трамп табигый кырсыктардан жабыр тарткан жарандарга федералдык жардам көрсөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Twitter’деги баракчасына жазды.

«Жакында эле болуп өткөн суу ташкындарынан жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү максатында жарлыкка кол койдум. Ал америкалык дыйкандарга, фермерлерге, Жоржия, Флорида, Айова, Небраска, Түндүк Каролина жана Калифорния үчүн тийиштүү. Пуэрто-Рико да президент Трапмты жакшы көрсө, мындай сыйга арзыйт», — дейт Трамп.

CNN телеканалынын маалыматына таянсак, кеп 19,1 млрд. доллар тууралуу болуп жатат.

Жарлыкка ылайык, акыркы жылдары суу ташкындары, сел жана токойлордун өрттөнүүсүнөн зыян тарткан америкалыктар компенсация алып келишкен.