Марал Радиосу

Путин Куран, Тоорат, Инжилдин пайдалуу китеп экенин белгиледи

Орусиянын президенти Владимир Путин, Куран, Инжил жана Тоорат китептерин окуу пайдалуу экенин журналисттер менен болгон маалымат жыйында билдирди.

Путин ар кандай мамлекеттеги балдарга сунушталган китептер боюнча суроого жооп берип жатып: «Инжил, Тоорат жана Куран китептерин окушсун, алар ар кандай кырдаалдарда пайдалуу. Аталган китептер эркек балдарга да, кыздарга да ылайыктуу», — деди.

Путин дүйнөдөгү бардык диндер адамгерчиликке, гумандуулукка үндөрүн белгилеп: «Эгерде биз аларга амал кылсак, дүйнө дагы да жакшы болот», — деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, АКШнын Pew изилдөө борборунун маалыматына ылайык, Орусиянын калкынын 71 %ын провославдар жана 10 %ын мусулмандар түзөт.