Марал Радиосу

Өзбекстан парламентинин төрагасы Кыргызстанга келет

Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрагасы Нигматилла Юлдашев июнь айында Кыргызстанга келет.

Бул тууралуу кечээ Ош шаарында өткөн Кыргызстандын Жогорку Кеӊеши менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын II жыйынында айтылганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Олий Мажлистин төрагасынын расмий сапары июнь айынын аяк ченине мерчемделип жатканы белгилүү болгон.