Марал Радиосу

«Абдраимов кызматтан кетпейт. Анын 2 себеби бар»

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан алып эле чектелбестен, кылмыш ишин да козгоого негиз бар. Бирок экөө тең аткарылбайт. Мындай пикирин «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде айтты. Анын белгилешинче, буга 2 себеп бар.

— Менин оюмча, Абдраимовду кызматтан кетирсе, башка өкүлдөргө да коркунуч жаралат. Андан тышкары, бул кадамга барса, премьер-министрге кыйын болот. Анткени, Абдраимовду кетирсе, Абылгазиев өзүнүн командасын чапкан болот. Бул аракет Өкмөт башчынын алсыздыгы катары сыпатталат.

Андан тышкары Туйгунаалы Абдраимов 2012-жылы Борбордук шайлоо комиссиясын башкарып турган учурда депутаттарды теңине албай, орой мамиле кылганын эске салды. Ошого карабастан, кызматынан кетпегенин да кошумчалады.