Марал Радиосу

Ирригациялык объекттерди курууга 5,8 млн доллар инвестиция тартылды

2 ирригациялык объекттин курулушу аяктады. Жаңы 1134 гектар сугат жери иштетилип баштады, 2901 гектар аянтты суу менен камсыздоо жогорулатылды. Бул тууралуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев 2017-2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча кеңешмеде билдирди.

Көкүмбек Таштаналиев белгилегендей, 2017-2018-жылдары Мамлекеттик программанын алкагында республикалык бюджеттен 905 млн. сом бөлүнгөн, ирригациялык объекттерди курууга жана реконструкциялоого 5,8 млн. доллар инвестиция тартылган.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, Финансы министрлигине, Экономика министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигине ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу иштерин активдештирүүнү тапшырды.