Марал Радиосу

Молдокматов: Абдраимовдун журналистке жасаган мамилеси — көпкөндүк

«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке жасаган мамилесин «көпкөндүк» деп баалады. Мындай пикирин ал «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Төртүнчү бийлик аталган массалык маалымат каражаттарын көзүнө илбей, бул аркылуу элди теңине албай турганын көрсөттү деп эсептейт.

— Камерасын көтөрүп келген журналистке жооп бербей жатса, карапайым, жоолугун салынып келген апаны кантип кабыл алат?

Кошумчалай кетсек, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районундагы окуя тууралуу сураган журналистти келекелеген видеосу тараган. Анда Абдраимов журналистке «келбетиңиз мага жакпай турат, ошого жооп бербейм» деп жооп кайтарган. Буга байланыштуу журналисттер 6-июнда Чүй облустук администрациясына митингге да чогулушту. Өкмөттүн өкүлү айткан сөзү үчүн кечирим сурабай турганын билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул боюнча билдирүү жасап, болгон окуяга өкүнгөнүн, Абдраимовдун аракетине баа берилерин кабарлады.