Марал Радиосу

Туйгунаалы Абдраимов: Журналисттен кечирим сурабайм

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов «келбетиң жакпады» деп айтканы үчүн журналисттен кечирим сурабайт. Жасаган иши, айткан сөзү үчүн өкүнбөйт. Бул тууралуу ал ушу тапта өзүн кызматтан кетишин талап кылган журналисттер менен жолугушуууда айтты.

Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, журналист кекетип сураганы үчүн «келбетиң жакпайт» деп айткан. Бул кадамын ал: «Журналисттин орой мамилесине карата орой жооп бердим», — деп түшүндүрдү.