Марал Радиосу

Кыргызстанда Монголиянын элчилиги расмий ачылат

13-июнда Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйында билдирди.

Иш-чаралардын жүрүшүндө Монголиянын президенти жана Сооронбай Жээнбеков Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, гүлчамбар коюшары, ошондой эле, Монголиянын элчилигинин расмий ачылышы болору каралган. Мындан сырткары, 14 эки тараптуу документке кол коюлары мерчемделүүдө.

Монголия мамлекетинин башчысы Халтмаагийн Баттулганы Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алышат.