Марал Радиосу

Бишкектин айрым аймактарында газ өчүрүлөт

«Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 6-7-июнда Бишкек шаарынын Махатма Ганди, Жаштык, Мидин көчөлөрүнүн аймагында жаратылыш газын берүүнү токтотот. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.