Марал Радиосу

Ороктогу чырдын чыгышына шектүүнүн бөгөт чарасы каралат

Чүйдүн Орок айылындагы чырга шектүү катары саналып жаткан жергиликтүү кеңештин депутаты Кылыч Боркоевдин баш коргоо чарасын бүгүн сот аныктайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Милиция кабарлагандай, аймакта абал туруктуу, башка жагдай катталган жок.

Учурда аймакта Сокулук райондук жана Чүй облустук милициясы окуя болгон аймакты көзөмөлдөөнү улантып, Орок айылындагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздап жатат.