Марал Радиосу

Орок айылындагы жаңжалда кармалган 31 адам бошотулду

Чүй облусунун Орок айылындагы массалык мушташтан улам кармалган 31 адам ыкчам-тергөө жана алдын алуу, түшүндүрүү иштеринен кийин бошотулду. Бул тууралуу милициядан кабарлады.

Буга чейин 31 тургун кармалып, кийинчерээк дагы бирөө кошулганы, жалпысынан 32 адам кармалганы кабарланган. Бир жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда Сокулук райондук жана Чүй облустук милициясы окуя болгон аймакты көзөмөлдөөнү улантып, Орок айылындагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздап жатат.

Эске сала кетсек, Орок айылында кечээ эрте менен үч бала уруша кетип, экөө бирөөнү сабап койгон. Андан соң жабыркаган баланын жакындары нааразычылык көрсөтүп, мыйзамга каршы аракеттерге барган. Натыйжада массалык мушташ чыккан.

15тей үйдүн терезеси талкаланган жана бир үйдүн короосундагы үйүлүп турган чөп өрттөнгөн.

Exit mobile version