Марал Радиосу

Азербайжандын президенти кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кыргыз элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Жеке өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан чын жүрөктөн сизди жана өлкөнүн баардык мусулмандарын моралдык жана этикалык бийик баалулуктарды даңазалаган Рамазан майрамы менен куттуктайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Азербайжандын президенти кыргыз элине тынчтык жана өнүгүп-өсүүнү каалады.