Марал Радиосу

Ошто мыйзамсыз салынган көп кабаттуу үй түрттүрүлдү

Ош шаарынын Масалиев көчөсүндөгү мыйзамсыз салынып жаткан көп кабаттуу үй соттун чечими менен түрттүрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзамсыз курулган үйдү түрттүрүү боюнча маселени жарандардын кайрылуусунан улам Ош шаардык мэриясы көтөргөн.

«Көп кабаттуу үй мыйзамсыз салынып жаткандыгы үчүн бузулууда. Сот мыйзамсыз экендигин аныктаган. Жергиликтүү тургундар да бир канча жолу нааразычылык билдиришкен. Мындан ары Ошто мыйзамсыз курулуш кура беребиз деген түшүнүктөн арылышыбыз керек. Мыйзам баарына бирдей», — деди Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров.

Ош шаардык мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Пирматовдун айтымында, Мамэкотехинспекция мыйзамсыз курулушту токтотуу боюнча бир нече ирет эскертүү берген.

Ошондой эле,Э Алтынбек Пирматов курулуш «Евростиль» компаниясына таандык экендигин айтып, шаардык сот ишкананы аймакты баштапкы калыбына келтирүү менен 200 миң сом айып төлөөгө милдеттендиргенин кошумчалады.