Марал Радиосу

6-июнда кыргыз-өзбек парламенттер аралык комиссиясынын II отуруму өтөт

6-июнда Ош шаардык мэриясынын имаратында Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстандын Олий Мажлиси ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиясынын II отуруму өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага төраганын орун басары Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана Өзбекстандын Олий Мажлисинен келген өкүлдөр катышат.