Марал Радиосу

Бөгөт чарасын кароо үчүн Манас Арабаев Биринчи май райондук сотуна алынып келинди

Коррупцияга шектелип жаткан Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев бөгөт чарасын кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна алынып келинди.

Эске салсак, Манас Арабаев «Коррупция» беренеси боюнча шектелип, 2-июнь күнү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.