Марал Радиосу

Кара жумушта иштеген балдардын саны өсүүдө

Poor children work in construction sites because of poverty, Child labor, human trafficking, World Day Against Child Labour concept.

Кыргызстанда тестиер-өспүрүмдөрдүн дээрлик 30 %ы кара жумушта иштейт. Мындай маалыматты Статистикалык анализ жүргүзүү комитети билдирди. Алардын айтымында, балдар 6-7 жашынан баштап, чарбалык же талаа иштеринде иштеп, акча табышат. Мыйзам боюнча балдардын жеңил жана аз сааттагы жумуштарга иштешине 16 жашында гана уруксат берилет. Тилекке каршы, бул мыйзам кагаз бетинде гана жазылып, чыныгы жашоодо аткарыла бербейт. 

Бишкек шаарынын тургуну Калыбек Асанов быйыл 8-классты аяктады. Каникул башталары менен ата-энесине жардам берүү үчүн дароо базарга жумушка чыкты. Каарманым бул ишке аралашканына 6-7 жылдын жүзү болуп калганын айтат. Үч айлык жайкы эс алуу маалында иштеп, үйдөгүлөрүнө жардам берип, окуусуна керектүү кем-карчын өзү толуктайт. Калыбек окуу маалында деле жумушун таштабайт, сабак бүтөрү менен базарга келип соода кылып турат.

— Мен 10 жашыман баштап эле иштеп келе жатам. Ата-энем Ош базарда жашылча-жемиш сатып иштейт. Көнүп деле калдым. Каникулда жакшы. Эртеден кечке иштесең, акча да жакшы табасың, ой да бир жерде болот. Жылыга эле өзүмдү өзүм каржылап кийинем, окуу куралдарын алам. Окуу башталса деле иштейм, бирок жарым күн эле болуп калат. Сабагым бар да.

Жогоруда белгилегендей, мыйзам боюнча балдар 16 жашка чейин физикалык жана психикалык запкыга дуушар кылуучу ар кандай кооптуу жагдайлардан оолак болушу керек. Ошол эле учурда, 16га толору менен кара жумушка салуу да туура эмес. Алгач 4 сааттык жеңил жумуштарга кирип, каражат табууга мүмкүн. Бирок бул кадамдар дээрлик аткарылбай жатат. Мындай пикирди Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы координатору Амина Курбанова билдирди. Анын айтымында, жашы жете элек балдардын кара жумушка агылуусу эселеп өсүүдө. 6-7 жаштан баштап, базарларда, курулуш иштеринде жана талаада 12-15 сааттык жумушта иштеп жатышат.

— Жыл сайын ар кандай иш-чараларды аткарып, жашы жете элек балдардын кара жумушта иштеп жатканына тыюу салып келебиз. Бирок, жылыш жок. Тескерисинче, жылдан-жылга өсүү көп. Бул нерсе Кыргызстандын экономикасына түздөн-түз байланыштуу. Ата-энелер уруксат берип, жадагалса балдары менен базарда чогуу отурушат. Алардын келечеги кандай болот? Бул суроого жооп издеген киши жок. 16 жаштан баштап иштегенге урусат. Анда да жеңил, коопсуз жумуштар гана сунушталат. Ушул нерсени коомчулук эсине алса.

Чүй облусунун Чоң-Кемин районунда жайгашкан Жанаалы Акималиев атындагы орто мектептин химия мугалими Жыпара Бейшекееванын айтымында, окуучулар талаа иштеринде иштеп, сабакты көп калтырышат. Үйдүн жумушунан сырткары, акча табуу максатында эмгектенишкендиктен, сабак маселеси экинчи планга жылып кетет.

— Бизде көбүнесе талаа жумуштары да. Ошол иштер башталары менен окуучулардын мектепке келүүсү азаят. Үйүнө барабыз кабар алганы . Кээ бири ата-энесине жардам берип калып калса, башкалары акча табуу максатында талаада иштешет. Сабакта чарчап, уйкусурап отурушат. Мен коомчулукка кайрылат элем, балдарды окутуш керек, билимди тереңдетип бергенге аракет кылалы. Алар биздин келечегибиз да.

Ал эми психолог Перизат Асылбаева өспүрүмдөр эрте түйшүккө аралашса, келечеги кооптуу деп эсептейт. Себеби, ар бир мезгилди өзүнүн эрежесине ылайык өткөрсө, баланын жетилүүсү, жашоого болгон ой жүгүртүүсү жогору болот.

— Өспүрүмдөрдүн эрте кара жумушка агылуусу физикалык жактан да, психикалык жактан да жабыркоого алып келет. Неге дегенде, алар ар бир курактын өзүнө тиешелүү ырахатын ала албайт. Эрте иштеген бала 18-19 жашка барганда, бир жери ооруп, көп нерсеге мойну жар бербей калат. Балдарды такыр иштетпеш керек дегенден алысмын, тартиби менен кылыш керек. Ошондо баланын эмгекке болгон сүйүүсү күчөп, шедевр нерселерди жасап баштайт.

Бишкектин тургундары балдардын иштеп акча тапканын колдойбу? Бул суроого ойлору кандай?

— Мен колдобойм. Баланы багыш үчүн жараткандан кийин, караш керек да.

— Жайында ата-энесине жардам берсе жакшы да. Ар кандай үй-бүлөлөр бар да. Жакыр жашаганы да бар дегендей. Ошону да эске алышыбыз керек.

— Өзүлөрүнө ылайыктуу гана жумушка бериш керек. Базар же курулуш иштерине жолотпош керек.

Кошумчалай кетсек, 12-июнда Балдардын эмгегин колдонууга каршы эл аралык күнү белгиленет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашы жете элек балдардын 30 %ы ар кандай жумуштарда иштеп, үй-бүлөсүнө жардам берет.

Exit mobile version