Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-июнда кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 13…18… күндүз: 24… 29 °C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 12….17….күндүз: 22…..27°C;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 14…19….күндүз: 25…30 °C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 8…13….күндүз: 19…24 °C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 7….12…..күндүз: 19….24°C;
5-июнда Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 27….29 °C, түнкүсүн 16…18 °C градус болот.