2021-жылы дүйнөдө иш орундардын 30 пайызы автоматташтырылат. Бул иш орундары жокко чыгарылат дегендик. Мындай кабарды Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.
Ал эми 2021-жылга чейин Кыргызстанда санариптик тармакка 10 миң жумуш орду түзүлөрүн айтып, бул багытта иш алып баруу керектигин белгиледи.
— Эсиңиздерде болсо, 10 жыл мурун телефон кызматкерлери бар болчу. Атайын жайларда отуруп, келген кардарларды башка жак менен байланыштырып, кызмат көрсөтчү. Азыр бул технология өнүгүп, ал иш орундары жоюлду.
Кошумчалай кетсек, 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыккан. Ага ылайык, санариптик инфратүзүмдү орнотуп, аймактарда сапаттуу жана арзан интернетти жеткиликтүү кылуу чаралары көрүлүп баштаган.