Марал Радиосу

Матраимов: Кызыкчылыктардын каршылыгы болсо жумуштан кетем

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын ички териштирүү жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Исламбек Матраимов жеке арызы менен жумуштан кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 5-каналдын түз эфиринде «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган миллиондор тууралуу жооп берип жатып билдирди.

«Иним арыз жазып финполдон кетти. Мен депутатмын, мени эл шайлаган. 45 миң шайлоочум бар. Эгерде кат келип, кызыкчылыктардын каршылыгы болсо, мен да жумуштан кетем«, — деди Искендер Матраимов.

Ал ошондой эле, жумуштан убактылуу четтетүү бир гана депутаттын ою болгонун кошумчалады.