Марал Радиосу

Мусабекова: Матраимовдордун тоюна барганыма өкүнбөйм

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова «Марал» радиосуна берген маегинде Матраимовдордун тоюна 4 жылдан бери барып келе жатканын билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлү Искендер Матраимов жыл сайын 1-9-май аралыгында элди чогултуп, чоң майрам өткөрөт.

«Мен барганыма өкүнгөн жокмун. Керек болсо, эртең мененки саат 9да Фейсбуктун түз эфиринен элге чыккам. Эмнеге барбашым керек, же Кара-Суунун эли эл эмеспи? Матраимовдордун тоюна 4 жылдан бери депутаттардын баары барат. «Билбей барып калдым, өкүнүп жатам» деген сөздөр жигиттикке жатпайт», — дейт Мусабекова.

Ал Матраимовдордун тоюна согуштун ардагерлери да, шайыр апалар да барганын кошумчалады.