Марал Радиосу

Эбола вирусу бир жылда 1300 адамдын өмүрүн алды

Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусунан жабыркагандар күн санап көбөйүп барат. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, бир жылдын ичинде эле 1300 адам каза болгон. 2 миңдей тургун оору жугузуп алган, алардын төрттөн бири 15 жашка чейинки балдар.

Дарыгерлердин айтымына караганда, илдетке чалдыккан балдардын үчтөн экиси, чоң адамдардын 50 %ы каза болууда.

Эске салсак, Эбола эпидемиясы Батыш Африкада 4 жыл мурун жайылып баштаган. Ал Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерия өлкөлөрүн каптаган.