Ооганстандын чыгышындагы Газни провинциясындагы жардыруудан кеминде 8 полиция кызматкери мерт кетип, бирөө жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бүгүн жекшембиде жанкечти жардыргыч жашырылган унааны полиция бөлүмчөсүнө айдап кирүүгө аракеттенген.
Окуя боюнча башка маалыматтар айтыла элек.