Марал Радиосу

Албаниядагы зилзаладан жүздөгөн үй кыйрап калды

Албания мамлекетинде бир нече жер силкинүү катталып, жүздөгөн үйлөр кыйрап калды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга таянып, Рейтер агенттиги кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, зилзаланын алгачкы очогу Албаниянын түштүк-чыгышындагы Грецияга чектеш жайгашкан Корча шаарында орун алган. Андагы күчү 5.3 баллга жеткен. Жер титирөө улам токтоп, улам кайталанып, эки саатка жакын убакытка созулган.

Кырсыктан 5 адам жаракат алып, ооруканага түшсө, бир нече жай тургун аймакты таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Ушундай эле сикинүүлөр Албанияга чектеш Греция жана Түштүк Македонияда да катталган.