Марал Радиосу

Аскаров: Инвестициялык климаттын жакшыруусу, инвестициялык өсүүгө алып келди  

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын инвестициялык форумунун ачылышына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Замирбек Аскаров ЕРӨ банкынын чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдө ишкерликти коргоочу Бизнес-Акыйкатчы институтун түзүүдө ролу жогору болгонун белгиледи. Ошондой эле, каржылык институттун бизнести капиталдаштыруу жана аймактардын өндүрүштүк инфратүзүмүн өнүктүрүү аракетин баалады. Муну менен катар, Өкмөттүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча ишинин учурдагы жыйынтыгынын оңдуу көрсөткүчтөрүн санап өттү.

«Кыргызстанга түз инвестициялардын агымы 2018-жылы 851,7 млн. долларды түзгөн жана 2017-жылга салыштырмалуу 38,1 % көбөйгөн. Ошол эле учурда, агым 144,2 млн. долларды түзгөн. Бул дүйнөдө чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 19 % түшкөн шартта. Түз инвестициялардын чыгышы 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу 2,3% азайган. Бул кыйла жакшы көрсөткүч», — деп жыйынтыктады Замирбек Аскаров.

Кошумчалай кетсек, ЕРӨ банкы 1993-жылы ишмердигин баштагандан бери Кыргызстанда түрдүү багыттарда 170 долбоордун алкагында дээрлик 700 млн. доллар инвестициялаган.