Марал Радиосу

Кыргызстан 2020-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрөт

Хоккей боюнча төртүнчү дивизиондогу командалардын арасында дүйнөлүк чемпионатты Кыргызстан өткөрөт. Бул тууралуу кечээ эл аралык Хоккей федерациясыны өткөргөн жыйында маалым болду.

Турнир Бишкек шаарында 2020-жылы 2-8-мартта өтөт. Мелдешке Кыргызстан, Кувейт, Малайзия жана Филиппин өлкөлөрүнүн командалары катышат.

2019-жылга чейин эл аралык Хоккей федерациясында үч дивизиондо жарыштар өтүп келген. Кыргызстандын курамасы үчүнчү дивизионго катышуу укугуна ээ болуу үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы менен ойногон.

2020-жылы эл аралык Хоккей федерациясы төртүнчү дивизионду түзүп, турнир Кыргызстанда өткөрүлмөкчү.